УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

4656

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

 

2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын VII- чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болот. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилигинде № 9023 добуш берүү участогу ачылганын билдиребиз.

Мыйзамга ылайык, Белорус Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРЫН ТАПШЫРГАН жана КОНСУЛДУК КАТТООДО ТУРГАН жарадарыбыз добуш берүүгө укуктуу.

Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер, эгерде биометрикалык маалыматыңызды тапшыра элек болсоңуз жана консулдук каттоого тура элек болсоӊуз, шашылыш түрдө 2020-жылдын 20-сентябрына чейин Элчилике келип кетүүңүздү суранабыз. (тел. 334 91 17).

Консулдук каттоого аралыктан (дистанционно) турганга мүмкүнчүлүгүӊүз бар экендигин эскертебиз. Ал үчүн, биринчиден, тиркемеде жөнөтүлгөн анкетаны толтуруп, сурөтүңүздү чаптап, колуңузду коюп, паспортуӊуздун көчүрмөсүн тиркеп, убактылуу жашоого уруксат кагазын/каттоо баракчасын (вид на жительство либо регистрация)  биздин Элчиликтин электрондук дарегине kgembassy.by@mfa.gov.kg жөнөтүп жиберүүӊүздү өтүнөбүз.

Биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгы жѳнүндѳ тастыктоочу кагазы бар же жаңы тапшырган жарандар консулдук каттоого АКЫСЫЗ алынат.

Көңүл буруңуздар, эгерде Кыргызстандын жарандары, 2020-жылдын 20-сентябрына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, ДОБУШ БЕРЕ АЛБАЙ КАЛЫШАТ.

WWW.TIZME.GOV.KG САЙТКА КИРИП, ӨЗҮӉҮЗДҮ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНЕН ТЕКШЕРИП КОЮӉУЗ.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK