Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги, берилген ыйгарым укуктун чегинде, Кыргыз Республикасында арыз ээсинин/өтүүнүчүн атынан укуктук иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ишеним кат (доверененность) тариздөө сыяктуу нотариалдык кызматтарды көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
Нотариалдык иш-аракеттер Элчиликте, арыз берүүчү/өтүнүүчү кишинин болуусу жана төмөндөгү документтердин берүүсү менен ишке ашырылат:
- Талап кылынуучу документти тариздөөгө арыз жазуу;
- Жалпы жарандык паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү;
- Арыз ээсинин жана ишенимдүү адамдын Кыргыз Республикасынын ID-картасынын түстүү (мүмкүн болсо) көчүрмөлөрү;
- Тиешелүү учурларда Консулдук бөлүм кошумча документтерди талап кылат.
Нотариалдык иш-аракеттер үчүн, консулдук жыйым – 10 АКШ долл. түзөт. Төлөм банк аркылуу жүргүзүлөт:
IBAN: BE66 4388 4967 4143
BIC: KREDBEBB.
Кабыл алуучу:: Embassy of the Kyrgyz Republic;
Адреси: 47 rue de l'Abbaye, 1050 Ixelles.