Кызматтар

* ар бир өтүнмө ээси үчүн өзүнчө жазуу болушу керек
 
 
Жалпы жарандык паспортту алуу / алмаштыруу
 
Кыргыз Республикасынын Брюссель шаарындагы элчилиги аркылуу жалпы жарандык паспортту алуу жана алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин консулдук каттоосунда турушу зарыл.
 
Консулдук каттоодо турбаган жарандар паспорт алуу тууралуу арыз менен бирге консулдук каттоого туруу жөнүндө арыз бериши керек.
Консулдук каттоого туруу боюнча толук маалымат менен төмөнкү бөлүмдөн таанышсаңыздар болот Консулдук катоо.
 
-   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   
 
Жалпы жарандык паспортту алуу/алмаштыруу үчүн документтердин тизмеси:
 
      1. Арыз (арыз);
Жашы жете элек балдар (18 жашка чыга элек адамдар) үчүн паспорт алмаштырылган учурда арызды ата-энеси же паспортту көрсөтүү менен мыйзамдуу өкүлдөрү (камкорчулары) беришет.
 
     2. Электрондук форматтагы түстүү фотосүрөт (4*6, ак фондо)". "(флеш-картага же алдын ала элге  почта kgembassy.be@mfa.gov.kg багыттоо).
* Скандалган сүрөттөр кабыл алынбайт!
Паспорттун сүрөтүнө коюлган талаптар жөнүндө толук маалыматты төмөнкү жерден таба аласыз шилтеме
 
      3. Жалпы жарандык паспорт + паспорттун негизги барагынын көчүрмөсү;
(Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор мындан ары жок кылууга жиберилгендигине байланыштуу, зарыл болгон учурда паспорттун керектүү барактарынын көчүрмөсүн алдын ала жасап, аларды кийин колдонуу үчүн барган өлкөдө нотариалдык күбөлөндүрүүнү суранабыз).
 
      4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк + көчүрмөсү;
Чет мамлекеттин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон учурда ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулуп, андан кийин легалдаштырылып (Бельгияда берилсе) / апостилдештирилиши керек (эгер Нидерландыда же Люксембургда берилсе).
 
      5. Нике күбөлүгү (эгер никеде болсо) + көчүрмөсү;
Чет мамлекеттин никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүгү бар болсо, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулуп, андан кийин легалдаштырылып (Бельгияда берилсе) / апостилдештирилиши керек (эгер Нидерландыда же Люксембургда берилсе).
 
            6. Ажырашуу жөнүндө күбөлүк (тиешелүү учурларда) + көчүрмөсү; 
Чет мамлекеттин никесин бузуу жөнүндө күбөлүгү бар болсо, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулуп, андан кийин легалдаштырылып (Бельгияда берилсе) / апостилдештирилиши керек (эгер Нидерландыда же Люксембургда берилсе)
 
      7. Консулдук жыйымдардын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 
Паспорт алуу/алмаштыруу үчүн консулдук жыйымдар 30 АКШ долларын түзөт.
60 жаштан жогоркулар үчүн консулдук жыйымдар-15 АКШ доллар.
Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракеттерди аткарганга чейин, б. а. паспортко документтерди тапшырганга чейин Элчиликтин кийинки эсебине төлөнөт: 
IBAN: BE66 4388 4967 4143
BIC: KREDBEBB.
Алуучунун аталышы: Embassy of the Kyrgyz Republic;
дареги: 47 rue de l'Abbaye, 1050 Ixelles.
 
Ошондой эле паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик пошлинаны Бишкек шаарындагы "РСК" Банкынын бөлүмдөрүндө же виза жана мастер карт аркылуу өзүнчө төлөө керек болот. 
Мамлекеттик алым документтерди тапшыргандан кийин, элчилик тарабынан төлөөгө тиешелүү код берилгенде төлөнөт.
 
    8. Бельгия/Нидерланды/Люксембург аймагында мыйзамдуу турууну тастыктоо. 
 
 
ДОКУМЕНТТЕРДИН КӨЧҮРМӨЛӨРҮН АЛЫП ЖҮРҮҮ МИЛДЕТТҮҮ:

-   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -  

Кошумча берилет: 
  • 16 жашка чыга элек жарандын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылган учурда - 16 жашка чыга элек жарандын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат). Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугун (апостилдештирилген же легалдаштырылган) көрсөтүү зарыл;
  • паспорт жоголуп же бузулуп калган учурда, арыз ээсинин ким экендигин аныктоого мүмкүн болбой калса, 1-формасын талап кылуу үчүн кошумча арыз жазылат же Кыргыз Республикасынын жаранынын (ID card) жарактуу паспорту талап кылынат;
  • арыз ээси тарабынан жеке маалыматтар өзгөргөн (Аты-жөнү) же жалпы жарандык паспортто туура эмес жазылган жазуулар табылган учурда, жеке маалыматтарды өзгөртүү үчүн негиз болгон легалдаштырылган/апостилдештирилген документти мамлекеттик же расмий тилге которуу менен көрсөтүү зарыл.
-   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -   -
Маанилүү маалымат:
  • Паспорт алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн элчиликке көрсөтүлгөн бардык документтер менен алдын ала жазылуу аркылуу жеке өзү келиши зарыл. Паспортко документтерди тапшыруунун жүрүшүндө биометрикалык маалыматтарды чогултуу да каралууда;
  • Ошондой эле Бишкек шаарындагы "РСК" Банкынын бөлүмдөрүндө паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик алым өзүнчө төлөнүшү керек болот. (2023-жылдын 16-мартынан тартып эл аралык төлөм системаларын колдонуу менен паспорт даярдоо үчүн мамлекеттик салым төлөөгө мүмкүнчүлүк бар). Мамлекеттик алым элчилик тарабынан төлөөгө тиешелүү код берилгенде документтер берилгенден кийин төлөнөт;
  • Жалпы жарандык паспорт 10 жылдык мөөнөткө 16 жаштан жогорку жарандарга, 1 жаштан 16 жашка чейинки балдарга паспорт 5 жылдык, 1 жашка чейинки балдарга 2 жылдык мөөнөткө берилет;
  • Паспортту алуу/алмаштыруу мөөнөтү орто эсеп менен 1 айга жакын. Өзгөчө учурларда, кошумча документтерди талап кылуу зарыл болгон учурда, мөөнөт 2-4 айга жетиши мүмкүн (алуу/алмашуу себептерине жараша).
 
------------------------------------------------------------------------------------------------------------
 
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө
Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу жана анын Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугун камсыз кылуучу убактылуу документ болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон учурда ага Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) берилет.
Күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө, бирок 30 күндөн ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан чет мамлекеттин сот же укук коргоо органдары тарабынан берилүүчү адамдардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү 90 күндү түзөт.
 
Күбөлүк берүү маселеси боюнча кайрылууда арыз ээси берген документтер тизмеси:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, паспортунун жоголгондугу боюнча арыз ээсинин кайрылган фактысын ырастаган документ (протокол, маалымкат ж.б.). Ар кандай жагдайлардан улам документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол ж. б.) берүү мүмкүн болбогон учурда арыз ээси паспорттун жоголушунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен толук жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө кат;
в)электрондук-санариптик форматтагы фотосүрөт (ак фондо 3,5 х 4,5 см);
г) арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин тастыктаган күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, офицердин (прапорщиктин) ким экендигин тастыктаган күбөлүк, Запастагы офицердин аскердик билети, чакыруу каттоо күбөлүгү, сүрөтү менен кызматтык күбөлүк) же белгиленген тартипте консулдук кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган жазуу жүзүндөгү арыздары, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен.
Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин арыз ээси он беш күндүн ичинде жаңы паспортту тариздөө жана даярдоо жана күбөлүктү милдеттүү түрдө тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө кайрылууга милдеттүү.
Күбөлүк берүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды алышат.
 
------------------------------------------------------------------------------------------------------------
 

«Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу

Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо).

Ушул үчүн чет өлкөлүк жаран Бенилюкс мамалекеттеринде болгон учурда – Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугуна кайрылышы керек;

Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:

– Кыргыз Республикасынын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу;

– жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо;

– эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;

– саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөө;

– жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.

Көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен «Мекен-карт» документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги:

1) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

– Электрондук жүктөгүчтөгү («.jpeg» форматындагы 4*6, ак фондогу) фотосүрөт. (электрондук почтага алдын ала жөнөтүлгөн kgembassy.be@mfa.gov.kg);

* Скандалган сүрөттөр жараксыз!

– чет өлкөлүк жарандын паспорту;

– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

– Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат).

2) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

– Электрондук жүктөгүчтөгү («.jpeg» форматындагы 4*6, ак фондогу) фотосүрөт. (электрондук почтага алдын ала жөнөтүлгөн kgembassy.be@mfa.gov.kg);

* Скандалган сүрөттөр жараксыз!

– чет өлкөлүк жарандын паспорту;

– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).

3) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

– Электрондук жүктөгүчтөгү («.jpeg» форматындагы 4*6, ак фондогу) фотосүрөт. (электрондук почтага алдын ала жөнөтүлгөн kgembassy.be@mfa.gov.kg);

* Скандалган сүрөттөр жараксыз!

– чет өлкөлүк жарандын паспорту;

– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

– Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү.

4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

– Электрондук жүктөгүчтөгү («.jpeg» форматындагы 4*6, ак фондогу) фотосүрөт. (электрондук почтага алдын ала жөнөтүлгөн kgembassy.be@mfa.gov.kg);

* Скандалган сүрөттөр жараксыз!

– чет өлкөлүк жарандын паспорту;

– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

– Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

– Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:

– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

– Электрондук жүктөгүчтөгү («.jpeg» форматындагы 4*6, ак фондогу) фотосүрөт. (электрондук почтага алдын ала жөнөтүлгөн kgembassy.be@mfa.gov.kg);

* Скандалган сүрөттөр жараксыз!

– чет өлкөлүк жарандын паспорту;

– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;

– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.

Чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.

Чет тилинде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.

 
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

4-1. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер зарыл болгондо жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жогорулатылат, бирок эки эседен ашык эмес. Арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (сом)

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

1

Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

3589

50

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

352

5

 

4) көп жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

4315

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

1078

15

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

 

- беш суткага чейин

1783

25

 

8) чыгуу визасын тариздөө; визаны жаңы жүрүү документине которуу

5020

70

 

9) ар бир кишиге визалык колдоону тариздөө

352

5

3

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

 

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу:

 

 

 

1) жеке жактардан – Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

 

2) жеке жактардан – чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

 

3) юридикалык жактардан

7189

100

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан

1431

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

 

510

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

 

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

 

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

 

50

8

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

 

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

 

50

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

 

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

 

10

10

Ишеним кат берүү:

 

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

 

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

 

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

 

10

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

 

20

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

 

25

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү

 

40