Өлкө туралуу маалымат

Бельгия карандысыз мамлекет катары 1830 ж. пайда болгон.

Бельгия Королдугу – Батыш Европадагы мамлекет, ЕБ, БУУ, НАТО мүчөсү. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан Германия, түштүк-чыгышынан Люксембург жана Франция менен чектешет. Түндүк-батыш жагынан Түндүк деңизи менен чулгайт.

Аянты – 30.528 км²;

Калкы – 11 400 мин киши (2018 ж.),

Дини - Динге ишенгендеринин арасында эң көбү католиктер, калгандары протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б

Борбору – Брюссель ш. (170,5 миң киши);

Расмий тилдер: француз, нидерланд жана немис тилдери;

Адинистративдик-аймактык түзүлүш. Бельгия – федерациялык мамлекет, үч аймакка: Вавилон, Фламанд жана Брюссель админстративдик аймагы жактан Брюссель агломерациясына жана 10 провинцияга бөлүнөт

Саясий түзүлүшү. Бельгия – конституциялык монархия (түзүлүшүнөн баштап) жана федерациялык мамлекет (1980 ж. баштап).

Мамлекет башчысы – Филип Королу (2013 ж. 21 июлунан баштап);

Өкмөт башчысы – Премьер-министр Софи Вильмес (2019-ж. 27-октябрынан баштап)

Федералдык парламент – эки палаталуу. Парламенттин жогорку палатасы – Сенат (71), алдынкы палатасы – Өкүлдөр палатасы (150). Эки палата тең түз жалпы шайлоо менен төрт жылда бир жолу шайланат.

Сот системасы пирамида формасында түзүлгөн, анын негизи ар бир кантондогу сот, жогоркусу болсо – Жогорку сот.

Экономика. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн, интенсивдүү өнөр-жайы менен жана айыл чарбасы менен өлкө. Транспорттук инфраструктурасы жакшы өнүккөн, европа жана дүйнөлүк маанилүү чоң шаарлары жана порттору, ири заводтору жана өнөр-жай ишканалары бар өлкө.

Өнөр-жай жана айыл-чарба продукциясынын 50 % экспортко жиберилет. Бельгия – кара жана түстүү металдардын алгычкы дүйнөлүк экспорттоочуралдын бири. Химиялык өнөр-жай жагында дүйнөнүн лидерлерине кирет. Энергетиканын негизги тармагы атомдук энергия болуп эсептелет. Бельгияда эки АЭС бар. Тышкы сооданын эң негизги өнөктөштөрү – Германия, Франция жана Нидерланд.