Кыргызстан Республикасынын Бельгия Королдугунда добуш берүү
Бүгүн, 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилигинде №9037 шайлоо участогу ачылды.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын аткаруу максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.
Шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо участогунда саат 20:00гө чейин добуш бере алышат.