Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

96

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Королдугуна иш сапары менен барат. 

Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. 

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK