Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди

99

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-июнда Брюсселге (Бельгия Королдугу) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Брюссель шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот, ошондой эле эки тараптуу биргелешкен  документтерге кол коюлат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK