Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту

89

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгияга иш сапарынын алкагында Король Филипп менен жолугушту.

Бетме-бет өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Король Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK