Министр Ч.Айдарбеков Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту

3909

2019-жылдын 19-ноябрында Францияга сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Министр КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин иши маанилүү багыт болуп саналаарын белгиледи.
Францияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү маселелери, кыргыз-француз мамилелери жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашылды.
Чет өлкөдөгү мекемелердин консулдук ишмердүүлүгүн оптимизациялоонун алкагында Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мекендештер менен байланышуу боюнча КР Президентинин алдындагы Кеңештин ушул жылдын август айында өткөн жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Кыргызстандын Париж шаарында жакынкы убакытта дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу боюнча КР Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иши жөнүндө Министр тарабынан өзгөчө белгиленди.
Жолугушууга ошондой эле КР Маданият, маалымат, туризм министри А.Жаманкулов катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK