Кыргызстан Республикасынын Бельгия Королдугундагы № 9037 шайлоо участогунун ачылышы

3287

Бүгүн, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын «Конституциясы жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу боюнча Референдумду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилигинде № 9037 шайлоо участогу ачылды.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын аткаруу максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.

Шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо участогунда саат 20:00гө чейин добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK