2021-ж. 1-2-майы Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды

4351

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине байланыштуу, 2021-жылдын 1-2-майы Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилигинде мамлекеттик желектер түшүрүлдү.

Ошондой эле Элчиликте, Бельгия Королдугунда аккредиттелген чет мамлекеттердин бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар үчүн көңүл айтуу китеби ачылды.

Учурдагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу көңүл айтуу сөздөрү Элчиликтин расмий электрондук дарегине да кабыл алынууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK