Нидерланды Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө 100 миң евро өлчөмүндө каржылык жардам бөлдү

3358

2021-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муктар Джумалиевдин Нидерланды Тышкы иштер министрлигинин Европа Департаментинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысынын орун басары Рейн Деккерс мырза менен видео конференция форматында жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келечеке багытталган пландарды жана өз ара аракеттенүүсү тууралуу талкуулашты.

Нидерландынын Тышкы саясат бөлүмүнүн өкүлдөрү эки тараптын ортосундагы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 6-майында Нидерланды ТИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин казына эсебине 100 миң евро акчалай каражат которулгандыгы тууралуу маалымдады.

Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар Нидердланды тарабынан Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө, тактап айтканда, керектүү дары-дармектерди сатып алууга жардам берүү үчүн бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Элчиси М.Джумалиев Нидерланды тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус пандемиясынын жаңы толкундун чыгышында анын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Тараптар ошондой эле тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу жана активизациялоо маселелерин, ошондой эле  ушул жылы эки тараптуу консультацияларды өткөрүүнү талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK