Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчиси Муктар Джумалиев Брюссель шаарындагы советтик аскерлердин жана бельгиялык Каршы күрөшүүнүн катышуучулардын бейиттерине гүлчамбарларды койду
2021-ж. 9-майында, Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 76-жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муктар Джумалиев Элчиликтин кызматкерлери менен Брюссель шаарынын борбордук көрүстөндө өткөн Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон советтик аскерлердин жана бельгиялык Каршы күрөшүүнүн катышуучулардын бейиттерине гүлчамбарларды коюу аземине катышты.