Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанга биринчи сапары менен келген Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

2569

2021-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанга биринчи сапары менен келген Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

Р.Казакбаев жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана шайлоо процесстеринин шартында өлкөдөгү учурдагы ички саясий абал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары менен тааныштырды.

Т.Хакала эки тараптуу диалогду активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Атайын өкүл Европа Биримдигинин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Эки тараптуу күн тартибинин алкагында тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча биргелешкен пландарды, кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюу маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жана региондогу Евробиримдиктин долбоордук жана программалык ишмердүүлүгү талкуулашты.

Кызматташтыктын регионалдык форматына токтолуп, тараптар 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте пландаштырылган Европа Биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумун өткөрүү боюнча биргелешкен иштерди талкуулашты. Тараптар ошондой эле Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чек ара аймагындагы жана Афганстандагы кырдаалга токтолушту. Европалык дипломат Кыргыз Республикасынын пикир келишпестиктерди жөнгө салуудагы дипломатиялык мамилесин жогору баалады жана кыргыз бийлигинин афган студенттерине 500 виза берүү чечимин кубаттады.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери менен биргеликте күрөшүү, анын ичинде калкты эмдөө маселеси өзүнчө талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK