Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекцияны ташып келүүсүн жана таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2224

Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекцияны ташып келүүсүн жана таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди (мындан ары - Алгоритм).

Ошентип, Алгоритмде төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген:

  • ПЦР тестинен өтүү үчүн сертификаттын же COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документтин (кагаз же санарип форматында) болушу талабы ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрү) коштоосунда 12 жашка чыга элек балдарга жайылтылбайт;
  • жүргүнчүлөрдө жана экипаж мүчөлөрүндө клиникалык көрүнүштөр (температура, жөтөл ж. б.) аныкталганда аэровокзалдык комплексте COVID-19га экспресс-тестирлөө жүргүзүлөт;
  • ПЦР-тесттин колдонуу мөөнөтү (72 саат) учуу жана авиа каттамдардын кармалышына байланыштуу объективдүү себептер боюнча бүткөн учурда жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

Ошону менен бирге, мурдагыдай эле, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн тандалып алынган учурдан тартып өлкөгө келгенге чейин акыркы 72 сааттын ичинде жүргүзүлгөн ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү зарыл экендигин белгилейбиз. Төмөндө Кыргыз Республикасында таанылган сертификаттары бар өлкөлөрдүн тизмесин караңыз.

Жогоруда аталган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да жайылтылат.

Бул талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү;
  • аба кемелеринин экипаждары;
  • ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосунда 12 жашка чейинки балдар;
  • Кыргыз Республикасына жиберилген шайлоо процессине эл аралык байкоочулар.

Жогорудагы талаптар 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

 Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын эмдөө сертификаттары

 

1

Австралия Бирлиги

2

Германия Федеративдик Республикасы

3

Казакстан Республикасы

4

Корея Республикасы

5

Катар Мамлекети

6

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

7

Өзбекстан Республикасы

8

Израиль Мамлекети

9

Америка Кошмо Штаттары

10

Румыния

11

Грузия

12

Индия

13

Россия Федерациясы

14

Польша Республикасы

15

Бириккен Араб Эмираттары

16

Сауд Аравия Падышалыгы

17

Түркия Республикасы

18

Швейцария Конфедерациясы

19

Сан-Марино Республикасы

20

Франция Республикасы

21

Австрия Республикасы

22

Ватикан шаар-Mамлекети

23

Палестина Мамлекети

24

Индия Республикасы

25

Аргентина Республикасы

26

Украина

27

Мальдив Республикасы

28

Бельгия Падышалыгы

29

Монголия

30

Нидерланды

31

Марокко Падышалыгы

32

Кувейт Мамлекети

33

Азербайжан Республикасы

34

Камбоджа Падышалыгы

35

Эстон Республикасы

36

Черногория Республикасы

37 Япония
38 Чехия
39

Европа Бирлиги

40

Бириккен Улуттар Уюму

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK