Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара болуп өттү

1297

2022-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн, Элчиликтин досторунун жана өнөктөштөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоого, жарандардын руханий-адептик тарбиясын жогорулатууга жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга арналган Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон Жарлыктын алкагында, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу көркөм тасма көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле алардын өлкө үчүн тарыхый мааниси бар жетишкендиктерин даңазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерин мекендештертолук колдоосун билдирип,  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Исфана шаарынын Исхак Раззаковдун урматына атын өзгөртүлүсүн жылуу тосуп алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө диаспоранын өкүлдөрүнө ушул жылдын ноябрында белгиленген Элдик Курултай тууралуу маалымат берилди.

Мекендештерге жана Элчиликтин достору үчүн белгилүү жана таланттуу сүрөтчү, график, дизайнер жана зергер Кайыргүл Казыбекованын эмгектеринин атайын көргөзмөсү уюштурулду.

Элчилик майрамдык иш-чаранын бардык катышуучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK