Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы болду

977

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

К. Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель да болду.

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору «Манас» операсынын увертюрасынын фрагментин, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.

Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 2022-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK