КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бельгия Королдугунун Тышкы иштер, Европа иштери, тышкы соода жана федералдык маданий институттар министри Хаджа Лахбиб менен жолугушту

904

2022-жылдын 16-ноябрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бельгия Королдугунун Тышкы иштер, Европа иштери, тышкы соода жана федералдык маданий институттар министри Хаджа Лахбиб менен жолугушту.

Тараптар быйыл Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Кызматташтыктын конструктивдүү жана достук мүнөзүн баса белгилеп, министрлер эки тараптуу мамилелерди активдештирүү ниетин ырасташты.

Анын алкагында жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча пландар талкууланды. Тараптар практикалык кызматташтыкты чыңдоого макулдашышты.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана коопсуздук чакырыктары боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлануусу менен куттукташты. Кеңештин мандатынын алкагында да, эки тараптуу деңгээлде да адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK