Кыргыз Республикасынын делегациясы «Улуу талаа» маданий мурас жана анын дүйнөлүк тарыхтагы орду - темасындагы жогорку деңгеелиндеги эл аралык форумга катышуусу

4169

2019-жылдын 15-май күнү ЮНЕСКО штаб-квартирасында  Эл аралык түрк академиясы Кыргызстан, Казахстан, Азербайджан жана Түркия Мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү менен биргеликте «Улуу талаа» маданий мурас жана анын дүйнөлүк тарыхтагы орду - темасындагы жогорку деңгеелиндеги эл аралык форумун уюштурду.

Аталган иш-чаранын ачылышы Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчиси М.Джумалиевтин жана ЮНЕСКО уюмундагы Казахстан, Азербайджан жана Түркия мамлекеттеринин туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери тарабынан учурашуу сөздөрү менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчиси М.Джумалиев өзүнүн учурашуу сөзүндө эл аралык уюмдардын түрк маданиятын жана түрк тилдүү элдердин мурасын сактап калууга жана өркүндөтүүгө багытталган ишин жана ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы түрк маданиятынын мурасындагы маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.

Ошондой эле болуп өткөн форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз: «Түрк маданияты мейкиндик жана убакыттын кесилишинде», Каныбек Иманалиев: Юсуф Баласагундун «Кутадгу Билик» чыгармасындагы мамлекеттүүлүктүн идеясы жана т.и.к профессор Арслан Койчиев «Моголистан кыргыздардын жана казактардын тарыхындагы орду» темалары менен катышышты.

Уюштурулган форумда дүйнөлүк маданият мурасына болгон түрк маданият мурасы, анын саалымы жана таасирлүүлүгү тууралуу кеңири сүрөт көргөзүлдү.

 

2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчиси М.Джумалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиев Франция мамлекетинде жашап жаткан мекендештер менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда М.Джумалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган иш-чаралардын өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдап жана ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан Париж шаарында дипломатиялык өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечимди кабыл алынгандыгын билдирип кетти.

Азыркы учурда франция тарабы менен протоколдук-уютушруу суроолору каралып аталган чечимди ишке ашыруу боюнча иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Франциядагы кыргыздардын диаспорасына Брюссель ш. Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен тыгыз байланышта болуусуна жана маданияттуу-гуманитардык иш чараларды биргеликте өткөрүү маселесине өзгөчө көңул бөлүнүп кетти.

Диаспора тарабынан Брюссель ш. КР Элчилигинин жаңы консулундун иши боюнча болгон каалоолорун айтып кетишти, тактап айтканда Париж шаарында квартал сайын консулдук күндөрдү өткөрүп туруусун белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK