Нидерланды Королдугунун Мидденбимстер шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу ачылышы

202

2023-жылдын 8-июнунда Нидерланды Королдугунун Мидденбимстер шаарында консулдук округуна Түндүк Голландия провинциясын камтыган, Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Элчиликтин өкүлү өз сөзүндө Ардактуу консулдуктун расмий ачылышы менен куттуктап, ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүсүндөгү маанилүү окуя болгонун, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлинин далили болгонун белгиледи. Мындан сырткары Ардактуу консул Ж.Кошоевага аккредитация картасын тапшырып, салтанаттуу аземине келгендерге ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге, ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошоору белгиленди.

Өз кезегинде ардактуу консул Ж.Кошоева Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун ачылышы эки өлкөнүн ишкердик мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Ушул мекеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестиция тартууга, туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө салым кошоорун билдирди.

Расмий ачылыш аземине Нидерландыннын Тышкы иштер министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, бизнес жана коомдук чөйрөнүн өкүлдөрү жана Нидерландыдагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү чакырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK