Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин Бенилюкс мамлекеттериндеги биринчи Мекен картасынын ээсине тапшырды

120

 

2023-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин мекендеш Ни Татьянага Бенилюкс мамлекеттериндеги биринчи «Мекен картасын» тапшырды.

Элчи Т.В. Ниге куттуктоолорду айтып, бул карта ээсинин алдында мурда жеткиликсиз болгон Кыргыз Республикасынын мекендеши статусунун артыкчылыктарды ача тургандыгын белгиледи.

Тактап айтканда, мекендеш макамы Кыргызстандын аймагында визасыз жүрүү, эмгек ишмердигин жүргүзүүгө жеңилдиктер (мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тышкары), саламаттык сактоо жана билим берүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ж. б. сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

2023-жылдын 13-мартында башталган «Мекен-карт» долбоору Кыргызстандын мурда кыргыз жарандыгында турган чет элдик жарандар, алардын балдары жана неберелери менен байланышын чыңдоодогу кезектеги кадам болду.

«Мекен-картага» документтерди тапшыруу процесси чет өлкөлөрдөгү бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде каралган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK