Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилигинде болду

124

2023-жылдын 18-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев менен Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилигинин кызматкерлеринин жолугушуусу орун алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Э.Жамгырчиев Кыргыз күрөшүнүн эл аралык федерациясынын вице-президенти катары кыргыз күрөшүн Европа мамлекеттеринде жайылтуусунун актуалдуулдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, депутат Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы биринчи Элчиси, улуу кыргыз жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун кабинет-музейи менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK