Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Брюсселде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгиледи

177

2023-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чара өткөрдү. Иш-чарага Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин куттуктоо сөзүндө Кыргызстан жетекчилиги тарабынан мамлекетибизди өнүктүрүүгө жана анын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө багытталган реформаларды белгилеп, ошондой эле каада-салтты, маданиятты, үрп-адатты, эне тилди сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында улуу жазуучу жана гуманист, эгемен Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү биринчи элчиси Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Улуу жердешибиздин жетекчилигинде эмгектенген жердештери ал тууралуу эскерүүлөрүн айтышты.

Ошондой эле Ч.Т.Айтматовдун Элчи болгон учурундагы чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Бельгияда жашаган жаш кыргызстандыктар үчүн «Менин мекеним - Mijn moederland - Ma patrie» деген темада сүрөт сынагы уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында төрт категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, эсте каларлык сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Мындан тышкары, кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларынан алынган популярдуу цитаталарын айтуу менен флешмоб өткөрүлдү.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун бардык катышуучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK