2023-жылдын 14-15-ноябрында «Мекендештер-2023» форуму Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө

104

Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан 2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында «Мекендештер-2023» форумун өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдайт. 

Ушуга байланыштуу Элчилик Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспорасынан өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган мекендештерге Форумга катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Эгерде Форумга катышууну кызыкдар болгон учурда, ушул жылдын 15-октябрын камтуу менен https://forms.gle/spTmb2Vg4R4LMCJMA шилетеме аркылуу катоодон өтүп же төмөнкү координаттар аркылуу Элчиликке кайрылыңыз:

Элчиликтин дареги: 47 rue de l`Abbaye, 1050 Ixelles, Royaume de Belgique;

Телефон номери: +32-2-640-18-68; моб.: +32-495-90-33-31;

Электрондук дарек: kgembassy.be@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK