Афганистан боюнча ЕБ-БA Атайын өкүлдөрдүн/элчилердин бешинчи жолугушуусу тууралуу

136

2024-жылдын 14-февралында Бишкек шаарында Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана элчилеринин бешинчи жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Р.И.Отунбаева катышты.

Катышуучулар Афганистандагы учурдагы окуяларды жана Дохадагы экинчи эл аралык жыйындын алдында БУУ баштаган процессти талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Кабулда жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен онлайн пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK