Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Т.Хакала жана Европа Бирлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Т.Никлассон менен жолугушту

134

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Европа Бирлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин жогорку өкүлдөрүн 2024-жылдын 14-февралында Бишкек шаарында өткөн Афганистан боюнча Борбордук Азия жана Европа Бирлигинин атайын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады, ошондой эле Афганистан жана коопсуздук маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Борбордук Азия жана Афганистан аймагында тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK