КР Бельгиядагы Элчиси Айдит Эркин Кыргызстан менен Достук тобунун Төрагасы, Бельгия Королдугунун Федералдык Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Тим Ванденпут жана аталган Өкүлдөр палатасынын депутаты Өзлем Өзен менен жолугушту

183

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчиси Айдит Эркин Кыргызстан менен Достук тобунун Төрагасы, Бельгия Королдугунун Федералдык Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Тим Ванденпут жана аталган Өкүлдөр палатасынын депутаты Өзлем Өзен менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи А.Эркин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасы, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча натыйжалуу чаралар тууралуу айтып берди.

Тараптар кыргыз-бельгиялык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин канааттануу менен белгилешип, мындан аркы кызматташуунун перспективдүү багыттарын, анын ичинде айыл чарба, инвестиция жана соода тармагын талкуулашты. Ошону менен бирге туризм жана транспорттук өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун мындан аркы пландарын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK