Брюссель шаарында "Нооруз" майрамына арналган маданий иш-чара тууралуу

302

2024-жылдын 16-мартында Брюссель шаарынын Борбордук китепканасында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги тарабынан кыргыз диаспоралык уюмдар жана Брюссель шаарынын муниципалдык бийлиги менен биргеликте, ошондой эле башка диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен "Nooruz 2024" масштабдуу фестивалы өткөрүлдү. Мындан тышкары, иш-чарага Бельгия Королдугунун борборунун тургундары жана меймандары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Бул фестиваль Нооруз майрамын белгилөөчү мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө жана маданий горизонтторду кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын тааныштырууга арналган. 

Иш-чаранын катышуучулары үчүн кыргыз элинин маданий мурастарынын көргөзмөсү, элдик чыгармачылыкка арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Меймандар Кыргыз улуттук тамактарынын даамдарын татып көрүп, улуттук кийимчен жаш улан, кыздарынын дефилесин көрүп, ошондой эле улуттук музыкалык аспапта - комузда ойногон ырларды уга алышты. Фестивалдын катышуучуларына улуттук "боз үй" тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK