Элчи Айдит Эркин Люксембургдун Улуу Даражалуу Улуу Герцогу Анриге Ишеним каттарды тапшырды

294

2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин Люксембургдун Улуу Даражалуу Улуу Герцогу Анриге Ишеним каттарды тапшырды.

Кабыл алуу жүрүшүндө Элчи А.Эркин Люксембургдун Улуу Даражалуу Улуу Герцогу Анриге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды чагылдырган китеп-альбомду белекке ыйгарды.

Өз кезегинде Люксембургдун Улуу Даражалуу Улуу Герцогу Анри өлкөсүнүн борборунун көчөлөрүнүн бирине ысымы ыйгарылган Чыңгыз Айтматов менен убагында жолугушуу буйругандыгыны өзгөчө жылуу сезим менен белгилеп, Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы байланыштар эки тараптуу негизде жана Европа Биримдиги менен кызматташуунун алкагында бекемделишине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, ишеним каттарын тапшыруу аземинин алкагында Элчи А.Эркиндин Люксембургдун Улуу Герцогунун администрациясынын, Тышкы жана Европалык иштер, коргоо, кызматташтык жана тышкы соода министрлигинин, ошондой эле Люксембургдун Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушууларда саясий жана соода алакаларынын келечеги, аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK