Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги 31-август, 2020-жыл

3964

2020-жылдын 31-августунда Босландда (Бельгиянын Хехтель-Эксел району) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата Бельгияда аккредиттелген Борбордук Азия мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрүнүн элчилери менен дипломаттарынын жана Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Питер Буриандын катышуусунда веложүрүш өттү.

Иш-чаранын бул форматы коронавирус пандемиясына байланыштуу Бельгияда болгон чектөө чараларын эске алуу менен тандалып алынды жана сергек жашоону пропагандалоого жана экологиялык дипломатияны жайылтууга багытталган.

Ошондой эле, иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү аким Ян Далеманс, вице-мэр Неле Лиинен, Фламандиялык Өкмөттүн өкүлү - "Табият жана токой" Ана Кримерс катышып, веложүрүштүн катышуучуларын кубаттоо менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

Мэр Ян Далеманс веложүрүштүн катышуучуларына кайрылып жатып, велосипед тебүү үчүн 1000 чакырымдан ашык атайын вело жолдору бар бул аймакты тандап алгандыгы үчүн дипломаттарга ыраазычылык билдирди. Калаа башчысы 9500 гектар токой күнүнө 250 миң адамга кычкылтек өндүрүп берээрин белгилеп, ден-соолукту чыңдоо, климатты жакшыртуу, токойлорду сактоо жана өнүктүрүү жаатында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Веложүрүштүн жыйынтыгы боюнча Борбор Азия жана ЕС дипломаттары экологиялык дипломатияны жайылтуу максатында жер-жерлерде иш-чаралар өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK