Пресс-релиз - Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев Бельгиянын «Turbulent Hydro» компаниясы менен жолугушуусу

1610

2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Бельгиянын Левен шаарындагы «Turbulent Hydro» компаниясы менен жолугушту.

«Турбулент» гидроэнергетикалык системасы суу куюнунун табигый кубулушунда негизделген. Система аба соргучту, турбинаны, генерациялоочу түзүлүштү жана чыгаруучу түтүктү бириктирет. Ар бир суу куюн турбинасы 15 тен 100 кВт чейин өндүрүп, суунун болгон бир аз айырмачылыкта да иштей алат. Системаны каалаган дарыяга, каналга, ал тургай 1,5 метрден 5 метрге чейин суу агымында орнотууга болот.

Система бир турбинаны негизинде же зарыл болгон учурда турбиналар тобун колдонуу менен электр энергиясын иштеп чыгат алат.

Азрык учурда жогоруда аталган компания бүткүл дүйнө боюнча өз долбоорлорун ишке ашырууда (Бельгия, Эстония, Бали, Тайвань, Чили).

Жолугушуунун жүрүшүндө бельгиялык компаниянын жетекчилиги өз долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, анын артыкчылыктары катары дарыялардан же каналдардан таза энергияны пайдалануу жана 50-500 кожолуктан турган калктуу конуштарды жана айылдарды электр энергиясы менен камсыз кылуу;

-  кичинекей жүк ташуучу унаада жеңил ташуу;

-  бир турбинага жылына 120 000ден 560 000 кВт саатка чейин иштеп чыгуу;

-  бат жеткирүү;

- бир нече күндүн ичинде жөнөкөй курулуш иштери жана монтаждоо;

- энергиянын ишенимдүү жана туруктуу булагы (шамал же күн энергиясы сыяктуу үзгүлтүктүү энергия булактарынан айырмаланып); энергия 24 саат, жылына 365 күн.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын, ошондой эле бельгиялык компаниянын технологияларын жана тажрыйбасын эске алуу менен тараптар дарыялардын же каналдардын таза энергиясын пайдалануу жана өлкөнүн калктуу конуштарын электр энергиясы менен камсыздоо боюнча мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн эл аралык финансы институттары аркылуу изилдөөнү макулдашышты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK