«Брюсселде Бенилюкс өлкөлөрүнүн туристтик компаниялары үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү»

2059

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Бенилюкс өлкөлөрү үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалын «Кыргызстан – сиздин эс алууңуз үчүн жер» аттуу урааны аркылуу тартуулаы.

Бул иш-чара эки жылдык кеңири жайылган карантинден кийин Кыргызстанда 2022-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышына карата уюштурулду.

Бенилюкс өлкөлөрүнүн туристтик компанияларына жана операторлоруна, ошондой эле, туризм жана саякатка адистешкен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөЭлчиликке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан берилген видео жана фото материалдар, маалымат жана статистика берилди.

Презентациянын жүрүшүндө 2021-жылы Кыргызстанга «Пекин экспресс – Бүркүттүн өлкөлөрүндө» аттуу туризм тууралуу окуялуу реалити-шоусун тартуу үчүн келген «Eccholine» (Бельгия) Эл аралык продюсердик компаниясынын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Телеберүүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн тасмасы, саякаты жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу айтып, туроператорлорду кызыктырган суроолорго достук сунушу катарында жооп беришти.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 10-февралынан баштап Бельгиянын Club RTL телеканалы ар жума күнү «Пекин экспресс — Бүркүттүн өлкөлөрүндө» телешоусун көрсөтөт. Шоу француздук M6 телеканалында да көрсөтүлөт. Телеберүүнүн рейтингине ылайык, ар бир эпизодду Францияда 2,3 миллиондон ашык, Бельгияда 120 миңге жакын көрүүчү көргөн. Учурда уюштуруучулар бул телешоуну Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн телеканалдарынан коммерциялык негизде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Кыргызстандын жаратылышынын өзгөчөлүгү тууралуу уюштурулган фотокөргөзмө кыргыз фольклордук күүлөрү жана улуттук тамактары  менен коштолуп, презентациянын катышуучуларын улуттук колориттин атмосферасына, кыргыз көчмөндөрүнүн маданиятына жана жашоосуна чөмүлүүгө мүмкүндүк алышты.

Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилигинин чет элдик жана ата мекендик туристтик компаниялар жана туроператорлор, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ар тараптуу кызматташтыгы европалык саякатчылар жана туристтер арасында Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга көмөк көрсөтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK