Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Брюсселге болгон иш-сапарынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия менен жолугушту

2927

2021-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш-сапарынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев К.Микурияны 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүүчү Европа Биримдиги - Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Тараптар Форумдун алкагында Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан өзүнчө кошумча иш-чара өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда Дүйнөлүк бажы уюмунун регионалдык окуу борборунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду, бул региондогу бажы кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатууга чоң салым кошот.

Тараптар ошондой эле Бишкекте кесиптик жана кинологиялык окутуу борборун ачуу маселесин талкуулашты, бул региондун бажы кинологдоруна өз жөндөмдөрүн жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алууга жардам берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK