Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Брюсселге болгон иш-сапарынын алкагында Европа Комиссиясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушту

2936

2021-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш-сапарынын алкагында Европа Комиссиясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушууcу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия регионунда  коомдук-саясий абалды жана Афганстандагы абалды талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Европа Биримдигине ЕБнын “Team Europe” биргелешкен пакетинин алкагында 43,8 миллион евро өлчөмүндө жардам көрсөткөнү үчүн ЕБге ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды жана COVAX глобалдык механизминин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу калкты эмдөө процессин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан берилген эмдөө сертификаттарын таануу мүмкүнчүлүгүн өзүнчө талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK