Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Оливье Белльге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

675

2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин Бельгия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Оливье Белль мырза менен жолугушуп, Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бельгия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, бийик жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.

Протоколдун башчысы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу иш-чаралар боюнча тыгыз иш алып барууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Оливье Белль Элчини кызматка дайындалышы жана дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ошондой эле жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK