Урматтуу мекендештер! 2023-жылдын 16-мартынан тартып эл аралык төлөм системаларын колдонуу менен паспорт даярдоо үчүн мамлекеттик салым төлөөгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

514

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги мекендештердин назарына, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасы менен биргелешкен иштин натыйжасында, 2023-жылдын 16-мартынан тартып, алгачкы кадамында, паспортторду тариздөөдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн мекендештер VISA жана Master Card эл аралык төлөм системалары аркылуу Кыргыз Республикасынын паспортторун тариздөөдөгү кызматы үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кызматта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм күнүндөгү курсу боюнча чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына автоматтык түрдө конвертациялоосу каралган.

Төлөмдү жүргүзүү үчүн арыз ээси https://payment.infocom.kg/ сайтында кызматтын төлөм кодун жана банк картасынын реквизиттерин киргизүүсү зарыл. Колдонуу эрежелери  баракчада көрсөтүлгөн көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK