Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин ветеринария жана фитосанитария жаатындагы европалык адистер, ошондой эле Европа Комиссиясынын “BTSF” демилгесинин өкүлү Мило Быстрыка менен видеоконференция байланыш аркылуу жолугушуу өткөрдү

333

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин ветеринария жана фитосанитария жаатындагы европалык адистер, ошондой эле Европа Комиссиясынын “BTSF” демилгесинин өкүлү Мило Быстрыка менен видеоконференция байланыш аркылуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи А.Эркин Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукциялар тармагындагы потенциалына, мындай продукцияны Европа Биримдигине кирген өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү кызыкчылыгына кеңири токтолду.

Буга байланыштуу, Элчи, ден соолук жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча Европа Комиссиясынын Башкы дирекциясына, ошондой эле BTSFге Кыргыз тараптын ветеринардык жана фитосанитардык тармактагы Кыргыз адистеринин, ошондой эле бал өндүрүүчүлөрдүн потенциалын өркүндөтүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруудагы демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тренингдерди өткөрүү жана балдын экспорттук контролун уюштурууда Кыргызстандын компетенттүү органына колдоо көрсөтүү, ошондой эле мониторинг планын иштеп чыгуу үчүн тамак-аш коопсуздугу жаатындагы европалык эксперттердин Кыргызстанга боло турган иш сапары кеңири талкууланды.

2023-жылдын 11-апрелинен 14-апрелине чейин Бишкекте, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери жана бал экспорттоочу ири ишкерлер үчүн тренингдер өткөрүлөт.

Европалык эксперттер эффективдүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылыктарын, ошондой эле Кыргыз тарап менен тыгыз кызматташуу ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK