Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчиси А.Эркин Валлония экспорт жана инвестиция агенттигинин (AWEX) аймактык менеджери А.Тонких жана AWEXтин Борбордук Азия боюнча соода-экономикалык кеңешчиси А.Мусаканова менен жолугушту

223

2023-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Эркин Валлония экспорт жана инвестиция агенттигинин (AWEX) аймактык менеджери А.Тонких жана AWEXтин Борбордук Азия боюнча соода-экономикалык кеңешчиси А.Мусаканова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун контурларын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы экономикалык дипломатияны активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Атап айтканда, Бельгиядан Кыргызстанга 2023-жылдын июнь айына пландаштырылган бизнес миссиясы, GSP + артыкчылыктар режимин эске алуу менен Кыргызстандан товарлардын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде балды, бөтөлкөдөгү сууну ж.б. экспорттоо, ошондой эле бир катар багыттар боюнча жалпы экономикалык кызматташтык талкуланды.

Мындан тышкары, AWEX өкүлдөрүнө Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлордун презентациясы көрсөтүлдү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бельгиянын ортосундагы сооданын өсүшүнүн оң динамикасын жана эки тараптуу кызматташуунун экономикалык жагын бекемдөөнүн актуалдуулугун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы соода-сатык жана ишкердик байланыштарды чыңдоо ниети ырасталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK