КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Европа Бирлигинин делегациясын жетектеген Европа Комиссиясынын INTPA C директору Петерис Устубс менен жолугушуусу өттү
2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин Европа Бирлигинин делегациясын жетектеген Европа Комиссиясынын INTPA C (Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан региону боюнча эл аралык кызматташтык) директору Петерис Устубс менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.
Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спутник байланышын өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.