Кыргызстан менен Люксембургдун ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

5310

2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Люксембург Улуу Герцогствосунун тышкы иштер жана европа иштери министри Жан Ассельборн менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелерге өзүнчө токтолушту. 

Министр Ч.Айдарбеков COVID-19га каршы глобалдуу жооп кайтаруу аракети үчүн Люксембург Өкмөтүнүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун дарегине кошкон салымын оң баалады.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин 2020-жылдын 13-февралында Люксембург Улуу Герцогствосуна болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Министрлер ошондой эле БУУ, ЕККУ жана эл аралык финансылык уюмдардын линиясы боюнча көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK