2019-жылдын 8-январында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин сапарынын алкагында Париж шаарындагы «Альфалибра» галереясында  кыргыз улуттук кийимдерин жана кол өнөрчүлүк  буюмдардын көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү

6998

2019-жылдын 8-январында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин сапарынын алкагында Париж шаарындагы «Альфалибра» галереясында  кыргыз улуттук кийимдерин жана кол өнөрчүлүк  буюмдардын көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Көргөзмөнүн ачылышында  Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - Исаев А.К., Франция Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Микаель Ру, Франция Улуттук Ассамблеясынын депутаты Серен Моборнь, Париж шаарынын Вице-мэри Оливия Польски, Франция Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү  жана башка коноктор катышты.

Ачылыш аземинде Кыргызстан жана Франция дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери эки тараптын маданиятынын болгон  мамилесин, өзгөчөлүгүн жана баалуулугун баса белгилеп кетишти.

Аталган иш чаранын аралыктын алыстыгына карабастан уюштурулушу, бул эки элдин мамилелердин жакындоосунун белгиси экенин билдирип, жылдын жылга Франциянын кыргыз элинин маданиятына, тарыхына жана каада-салттарына болгон кызыгуусу байкалып турат.

Элдик кол өнөрчүлүк - бул турмуш тиричилигинен ажыратылгыс  экендиги белгилүү,  аял киши үйдүн отун өчүрбөстөн кыргыз элинин болгон маданиятын жана каада-салтын кылымдан кылымга улантып келген.

Аталган көргөзмө Париж шаарында 3 күн өткөрүлүп,  француз элинин кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун жаратат экендигине ишеним артылат.

Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин өкүлдөрү гендердик теңдик маселесине жооптуу болгон Франциянын Улуттук Ассамблеясынын өкүлдөрү, Сенаттын депутаттары, ЮНЕСКО уюмунун жетекчилиги, Париж шаарынын мээриясы, Француз ишканаларынын кыймылы «MEDEF International» аттуу уюмдун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук мекемелери менен жолугушуулары болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK