Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушуусу

5007

2020-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ш.Дороги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Өз кезегинде, Министр Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин Кыргызстанга келиши менен куттуктап, Кыргызстан Венгрия менен түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүккө өзгөчө маани берерин белгиледи. Министр Р.Казакбаев акыркы жылдары эки тараптуу негизде жана ТТМККнын алкагында Кыргыз Республикасынын Венгрия менен түзүлүп калган интенсивдүү кызматташтыгын канааттануу менен белгиледи жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчисине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, 2021-жылдын 10-январында боло турган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинде турган маселелердин  кеңири спектрин талкуулашты: Кыргыз Республикасына жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, кыргыз-венгер стратегиялык кеңешин түзүү, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү. Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев соода-экономикалык кызматташтуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында мындан аркы иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Венгрия менен ишкер кеңеш түзүүгө даяр экендигин ырастады. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ш.Дороги өз кезегинде венгер тараптын айыл чарба жаатында кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар  туризм жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Бишкек - Будапешт  түз аба каттамын ачуу боюнча ишти жигердештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле кыргыз тарап Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргызстандын жарандары үчүн шенген визасын берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу укуктук базаны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Учурдагы жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда 15 келишимге кол коюлуп, 1 келишим парафирленген.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ш.Дороги Венгрия тараптын келээрки жылдан тартып, Кыргыз Республикасынан 150 студентти Венгриянын ЖОЖдорунда окутуу үчүн квота берүү жөнүндө чечими жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын студенттери венгер тилин үйрөнүшсө деген тилегин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев өз кезегинде венгер тарапка Кыргыз Республикасынан студенттерди окутуу квотасын көбөйтүү чечими үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчисин Бишкек жана Ош шаарларында кыргыз-венгер орто мектептерин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев венгер тарапка Кыргызстанга ЕС алкагында жана эки тараптуу негизде коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ш.Дорогинин Кыргызстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK