Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Charity) долбоорлор боюнча Аткаруучу директору Фейсал Рашид Аль-Фехайда менен жолугушуу өткөрдү

8081

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Charity) долбоорлор боюнча Аткаруучу директору Фейсал Рашид Аль-Фехайда менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Катар кайрымдуулук уюму (Qatar Charity) аркылуу Кыргыз Республикасында техникалык жана гуманитардык жардам берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ар түрдүү кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашыруу жана өз ара сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Белгилеп кетчү нерсе, Катар кайрымдуулук уюму (Qatar Charity) Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүн баштаган мезгилден тартып, жалпы эсеби 8,2 млн. АКШ долл. өлчөмүндөгү кайрымдуулук жардамын көрсөткөн. 2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Charity) өкүлчүлүгү ачылган.

Маалымат иретинде: Катар кайрымдуулук уюму (Qatar Charity) 1992-жылы түзүлгөн жана Жакынкы Чыгыштагы ири кайрымдуулук уюмдардын катарына кирет. Аталган уюм 2012-2017-жылдар аралыгында жалпы эсеби 1,3 млрд. АКШ долл. өлчөмүндөгү кайрымдуулук жардамын көрсөткөн. Аталган уюмдун дүйнө жүзүндө 30-га жакын өкүлчүлүгү бар. 1997-жылдан тартып Qatar Charity БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде мүчө-байкоочу статусуна ээ.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK