Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин Элчилигинин алдында мекендештер Кеңешмеси түзүлдү.

6573

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин Элчилигинин алдында мекендештер Кеңешмеси түзүлдү. Кеңешмени түзүү чечими Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин Элчилигинин демилгеси менен уюштурулган уюштуруу комитетинин отурумунда кабыл алынды. Кеңешменин негизги максаты Катар Мамлекетинде жашаган мекендештерибиздин ортосундагы өз ара алакаларды камсыз кылуу болуп эсептелет.

Кеңешменин курамына мекендештерибиз сунуштаган Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинде жашаган КРнын жарандарынын активисттери кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мекендештер Кеңешмесин түзүү идеясын Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин Элчилиги сунуштаган. Жолугушуунун катышуучуларынын пикирине ылайык, Кеңешмени түзүү зарылчылыгы Катар Мамлекетинде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу (болжол менен жалпы саны 500гө жакын) мезгилдүү жана актуалдуу болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги менен тыгыз байланышта Кеңешменин мүчөлөрүнүн жолугушууларын, дискуссиялык жыйындарды жана башка коомдук-маданий иш-чараларды уюштуруу келишими жетишилди. Жолугушуунун катышуучулары 2019-жылдын августун айында Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңешменин биринчи отурумуна катышуучу үчүн талапкерлерди аныкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK