2019-жылдын 15-июлунда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушуу өткөрдү.

7187

Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, А.Атаханов Рашид Абдулла Аль-Дехаймиге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген катын тапшырды.

Тараптар 2019-жылдын 31-январында Доха шаарында өткөн Кыргыз-катар ТИМдер аралык саясий кеңешмелеринин Экинчи жыйынын алкагында жетишилген келишимдердин аткарылышын карап чыгышты. Жолугушууда Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын өткөрүү мөөнөттөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK