“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

4105

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигининде (№ 9048 УШК) шайлоо участогу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.
Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине 2021 жылдын 27 мартка чейин иш күндөрүндө саат 9:00 – 18:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. 

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Ошондой эле, 2021-жылдын 16-мартынан баштап Тизме порталына (tizme.gov.kg) шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыялангандыгын маалымдайбыз.
Эгер шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса же кандай бир ката, так эместик табылса  2021-жылдын 27-мартына чейин Элчиликке арыз менен кайрылусуу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK