“Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл: Малайзия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер – өсүштүн жаңы огу” аттуу симпозиум өттү

1733

2022-жылдын 30-июнунда Малайзия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата «Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл: Малайзия ортосундагы мамилелер жана Борбордук Азия өлкөлөрү – өсүштүн жаңы огу» деген аталышта симпозиум болуп өттү. Бул иш-чара Борбордук Азиянын беш мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги жана Малайзиянын Дипломатия жана эл аралык мамилелер институту менен биргеликте өткөрүлдү.

Симпозиумдун катышуучулары Малайзия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди, экономикалык интеграциянын жана аймактык кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү перспективалары маселелерин талкуулашты. Симпозиумда панелдик талкуулар, улуттук буюмдардын көргөзмөсү, маданий шоу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштары тартууланды.

Иш-чараны Малайзиянын тышкы иштер министринин орун басары Камарудин Джаффар ачты. Ал өз сөзүндө Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүн Малайзия менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Малайзия 1990-жылдары эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин бардык Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири болгонун белгиледи. Ошондой эле К. Джаффар энергетика, соода, инвестиция, билим берүү, туризм жана маданият сыяктуу ар кандай тармактарда эки тараптуу мамилелер өнүгүп, чыңдалып жатканын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси А.Бекназаров панелдик талкууда сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү тарыхына, кызматташуунун негизги багыттарына жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө айтып берди.

Иш-чарага Малайзиянын министрликтери менен ведомстволорунан, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн, бейөкмөт уюмдардан жана Малайзиянын университеттеринин өкүлдөрүнөн 150дөн ашык адам катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK