Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги "Чынгыз Айтматовдун кечеси" аттуу иш-чара уюштурду

5080

2018-жылдын 08-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде, диаспоранын активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен Чынгыз Айтматовдун кечеси аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналып уюштурулду.      

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Куштарбек Шамшидов Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналып Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө уюштурулп жаткан иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берип өттү. Мындан сырткары, кечеге чогулган мекендештерди Куштарбек Шамшидов ыйык Рамазан айы менен куттуктап аларга тынчтык, биримдүүлүк жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Айтылган иш-чаранын алкагында Элчилик тарабынан «Чынгыз Айтматовдун өмүр-баяны, чыгармачылык жана кесиптик өмүр-жолу» атту темада «Quiz Night» оюнунун эрежелеринин негизинде интелектуалдык оюн-зоок уюштурулду. Жеңүүчү командага Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Айгуль Акималиеванын атынан сыйлуу белектер ыйгарылды. Ошондой эле, мекендештердин назарына Ч.Айтматов тууралуу тартылган «Жер шарынын жараны» документалдык тасмасы жана «Ак кеме» көркөм фильми сунушталды.  

Иш-чаранын соңунда Малайзияда жашаган мекендештерибиз үчүн диаспоранын жетекчилери менен кошо «Ооз ачуу» (Ифтар) уюштурулду.

Аталган ищ-чара мекендештерибиз үчүн Элчиликтин кызматкерлери менен жеке консулдук маселелри боюнча түздөн-түз пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK