2020-жылдын 7-июлунда Малайзиянын Улуттук Хан Сарайында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бекназаровдун Малайзиянын Королуна Абдулла IIге Кыргыз Республикасынын Президентинин ишеним грамотасын ыйгаруу аземи болду.

3852

А.Бекназаров ишеним грамотасын Королго малай тилинде сүйлөп тапшыргандыгына ыраазычылык билдирүү менен,  7 жыл мурда Кыргызстанда беш күндүк сапары менен болгондугун айтып, кыргыз тамак ашын, өзгөчө жылкынын этин (учасы) жактыргандыгын билдирген. Өз кезегинде А.Бекназаров Корольду Кыргызстанга дагы бир жолу келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Ошону менен бирге, Малайзиянын Королевасы А.Бекназаровдун жубайынын улуттук кийимине кызыгып жана кыргыздын боз үйүнө суктанды.

Ишеним грамматасын тапшыруу аземине, Малайзиянын Тышкы Иштер Министри жана башка расмий адамдар катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK