Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары З.Саидзода менен жолукту

3598

2019-жылдын 25-январында Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук Ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары З.Саидзода менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, атап айтканда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо жараяга дем берүү, жана чек ара аймактарында окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө, биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Алар Кыргыз Республикасынын Баткен облусу жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунда биргелешкен маданий иш-чараларды ишке ашыруу маселелерди талкуулашты.

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык кеӊешинин жандандырууга, өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, тараптар транспорт жана байланыш, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана суу-энергетика тармактарындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун аягында тараптар мамлекеттин башчылары, тышкы иштер министрлери жана парламенттик достук топторунун деӊгээлиндеги расмий иш сапарларды даярдоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгын белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары З.Саидзода менен жолукту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK